Бир сутканын ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2нин 1654 учуру катталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда коронавируска каршы күрөшкөн республикалык штаб билдирди.
U07.1 — лабораториялык жол менен тастыкталган COVID-19 вирусу;
U07.2 — клиникалык жана эпидемиологиялык жол менен тастыкталган COVID-19 вирусу (пневмония).
17-июлга караганда лабораториялык тастыкталган коронавирустун 603 учуру менен клиникалык жана эпидемиологиялык жол менен тастыкталган коронавирус же пневмониянын 1051 учуру аныкталган.
Бишкек шаарында — 613
Ош шаарында – 67
Чүй облусунда – 272
Ош облусунда — 125
Талас облусунда – 76
Нарын облусунда – 39
Ысык-Көл облусунда – 234
Жалал-Абад облусунда – 134
Баткен облусунда — 94
Март айынан бери Кыргызстанда 23 543 адамдан коронавирус менен пневмония аныкталды.
Саламаттыкты сактоо министрлиги эртең менен COVID-19 илдети жана пневмония боюнча статистика бириктирилгенин маалымдаган.