Акыркы сутка ичинде пневмониядан 45 бейтап каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Каза болгондордун ичинен 22 бейтап Бишкек шаарында.
Белгилей кетсек, март айынан бери өлкөдө пневмониядан жалпы 497 адам көз жумду.