• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Бир суткада Россияда 10 028 адамдан коронавирус аныкталып, 96 бейтап каза болду

13 Бугу 202016:49 Бишкек Govori.TV

Акыркы суткада Россияда 10 028 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталып, 96 бейтап каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда коронавируска каршы күрөшкөн ыкчам штаб билдирди.

Жаңы учурлар федерациянын 83 аймагында катталды. Алардын арасында 4461 (45,5%) адам буга чейин инфекция жуктургандар менен байланышта болгондор жана оорунун клиникалык белгилери жок бейтаптар.

13-майга карата Россияда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 242 271 адамга жетти. Алардын ичинен 2212 адам каза болуп, 48 003 бейтап айыкты.

Количество просмотров: 43