• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бир үй-бүлөдөн 3 адам жол кырсыгынан каза болду

31 Теке 201813:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 31.07.2018Govori.TV
Жайыл районунун Полтавка айылындагы жол кырсыгынан бир үй-бүлөдөн 3 адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта «Кырсык  бүгүн 31-июлда саат 08:00  чамасында катталып, анда бир үй-бүлөдөн 3 адам каза болгон. Анда «БМВ» жана «Тойота Ист» унаалары бетме-бет кагышкан. Жыйынтыгында «Тойота» унаасындагы күйөөсү менен аялы каза болгон. Алардын 2 жаштагы баласы ооруканада жан берген» -деп жазылат.

Кырсыктын себеби учурда изилденип жатат.

Количество просмотров: 20