Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, унаа кырсыктарынын алдын алуу жана коомдук тартипти камсыздоо максатында республиканын аймагында “Рулда” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлүп, 21-22-февраль күндөрү жол эрежелерин одоно бузган 7327 айдоочулар аныкталды.
Алардын ичинен;
Жол эрежелерин одоно бузгандыгы үчүн 1073 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилген.