• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Бир жумада 21 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталды

7 Баш оона 2023 11:58 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 31-июлунан 6-августуна чейинки аралыкта Кыргызстандын аймагында 21 миң 129 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

– тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 196;
– мас абалында автоунаа башкаруу — 251;
– автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 57;
– жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 1 565;
– транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4 311;
– автоээнбаштык — 9;
– белгиленген ылдамдыктан ашуу — 4 720;
– жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу — 1;
– башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 019.

Ал эми ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 415 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

КР ИИМдин ЖКККББсы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 55