• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Бириккен Араб Эмираттарында 45 кабат турак жайда өрт чыгып, бүт имаратты каптаган (видео)

6 Бугу 202016:47 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 5-майда Бириккен Араб Эмираттарынын Шаржа шаарындагы көп кабаттуу имараттардын биринде чоң өрт чыкты.

Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, өрт Аль-Нахда кварталындагы 45 кабаттуу турак жайда чыгып, бүт имаратты каптаган. Үйдүн бардык тургундары, ошондой эле коңшу бир нече имараттардагы адамдар эвакуацияланды. Өрттү өчүрүүгө бир нече өрт өчүрүү бригадалары тартылган.

Кийинчерээк өрт өчүрүү кызматтары өрттү көзөмөлгө алганы белгилүү болду. Бийлик жети адам жеңил жаракат алып, ооруканага жеткирилгенин билдирген.

https://www.instagram.com/tv/B_1_5RLDgBU/?igshid=1lb19ztxx3y9y
Количество просмотров: 587