• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Биринчи май райондук администрациясы Өмүрбек Бабановдун митингине каршы чыкты

11 Чын куран 201920:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.04.2019.Govori.TV.

Биринчи май райондук администрациясы Өмүрбек Бабанов менен элдин жолугушуусуна каршы чыгып Сотко беришиптир. Бул тууралуу «Республика» партиясынын өкүлдөрү билдиришти.

«Республика партиясынын жиберген катына 2 күн унчукпай туруп, бүгүн кечки саат 18.00дон кийин алып келиптир», -деп айтылат билдирүүдө

Эскерте кетсек, Ө. Бабановду тосуп алуу үчүн 13-апрелде Бишкекте гана эмес Нарын, Талас, Караколдо да митинг өтөт. Бул тууралуу Р. Казакбаев ырастады.

Анын айтымында Бабановду тосуп алуу үчүн тарапташтары тынчтык митинг өьткөрүү сунушун беришкен, ал эми партия ага макул болгон.

Буга чейин Өмүрбек Бабановдун тарапташтары Бишкек шаарында 10 миң киши чогулган митинг өтөрүн маалымдашкан.

Өмүрбек Бабанов өзү бир жыл мурда саясаттан кеткенин жарыялап, андан кийин дагы бир нече жолу аны саясатка аралаштырбоону өтүнгөн.

Количество просмотров: 30