• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Биринчи май райондук сотуна Жээнбековдун тарапташтары чогулду

27 Теке 202110:59 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-июлда Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдына Асылбек Жээнбековдун тарапташтары чогулду.

Соттун алдына болжол менен 100дөн ашуун адам чогулган. Акцияга чыккандар Асылбек Жээнбековду боштондукка чыгарууну талап кылып жатышат.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров 31-июлга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалган. Бул чечимди 31-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. УКМКнын маалыматына ылайык, депутаттарга Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде айып тагылды.

Количество просмотров: 552