• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Биринчи вице-премьер-министрликке Баатырбековдун талапкерлиги көрсөтүлдү

16 Кулжа 202012:22 Бишкек Govori.TV

Биринчи вице-премьер-министрликке Алмазбек Баатырбековдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйынында премьер-министрликке талапкер Кубатбек Боронов билдирди.

Алмазбек Баатырбеков “Кыргызстан” фракциясынын лидери болчу. Ал 9-июнда мандатын тапшырган.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция аткаруу бийлигинин башчылыгына Кубатбек Бороновдун талапкерлигин көрсөттү. Өкмөттүн буга чейинки башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев өз арызынын негизинде отставкага кетти.

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын 15-июнда берген. Абылгазиевдин арызында радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу чечимди кабыл алганы белгиленген. Анын кызматтан кетүү арызына бүгүн, 16-июнда президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Количество просмотров: 140