• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкек-Ош автожолунун 121-125-чакырымдары убактылуу жабылды

24 Жетинин айы 2018 17:29 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.11.2018. Govori.TV
Бишкек-Ош автожолунун Чүйдүн Сосновка айылынан Суусамыр өрөөнүнө чейинки аралыгында жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлү Тилек Оторов билдирди.
Оторовдун айтымында, 121-125-чакырымдарга кар көчкү түшүп, ушу тапта жол жабык турат.
«Жолго чыгам дегендер колдон келсе ушул тарапка чыгуусун жекшембинин таңына чейин токтото турушса. Айдоочулар жол коопсуздугун камсыздоочулардын ишине түшүнүү менен мамиле кылышса деп өтүнөбүз».
Ушу тапта жолдо тыгын жок экени айтылды. Синоптиктер 24-26-ноябрда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, кар жаарын эскертишкен.
Количество просмотров: 21