• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкек-Торугарт жолунда айдоочу тартип сакчысын өлтүрө сүзүп, качып кетти

10 Үчтүн айы 2019 17:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.01.2018. Govori.TV

Бишкек-Торугарт айланма жолунда айдоочу тартип сакчысын өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.

«Окуя болжол менен бүгүн түнкү саат 1де болгон. Жабырлануучу алган жаракатынан улам кырсык болгон жерде көз жумду», -деп билдиришти ИИМден.

Качып кеткен айдоочуну кармоо планы жарыяланды. Каза болгон тартип сакчы Нарын облусунда криминалдык милиция кызматында эмгектенгени аныкталды. Ал Бишкекке уулун дарылатуу үчүн келген.

Количество просмотров: 33