• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкек аттуу бөбөк мэриядан белек алды

9 Аяк оона 2020 14:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева жана мэриянын аппарат жетекчиси Адилет Малдыбаев Бишкек аттуу бөбөк менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин интернет колдонуучу Медет Түлөгөнов социалдык тармактарда Кажысай тоолорунда жашаган кичинекей кызыл беттүү Бишкектин сүрөтүн жарыялаган. мындан көп узабай, мэрия баланы таап, аны менен жакындан таанышып, кабар алууну чечкен.

Белгилүү болгондой, сегиз жаштагы Бишкек Табылдыев Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айылында жашайт. Апасы Чынаранын айтымында, балага чоң атасы Бишкек Баатырдай болсун деп ысым берген. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын кичүүсү.

Бишкек экинчи класста онлайн режиминде окуп жаткандыктан мэрия балага жаңы форматта окууну жеңилдетүү үчүн борбор смартфон жана телевизор белек кылган.

Количество просмотров: 158