Мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу жана архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында министрлер кабинети Бишкек башкы архитектура муниципалдык ишканасын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин карамагына кайтаруу жөнүндө чечим кабыл алды.
Бул чечим архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга бирдиктүү мамилени камсыз кылат, ошондой эле бул чөйрөдө борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы аракеттерди координациялоону жакшыртууга мүмкүндүк берет.