Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп, Кокочаров Урматбек Курманбекович дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 18-февралда кол койгон.
Белгилей кетсек, Урматбек Кокочаров буга чейин Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп эмгектенип келген.