• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

УКМК: Мамкурулуштун башкармалык башчысы кармалып, 1,5 млн доллар кайтарылды

27 Жалган куран 2024 14:22 Бишкек Govori.TV

Ири суммадагы акча каражатын кымырып кеткен деген шек менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Х.Ш.К. кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК Азия өнүктүрүү банкынын эсебинен алынган карыздык каражаттардын эсебинен ишке ашырылуучу ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда улуттук кызыкчылыктарды коргоону камсыз кылуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу башкармалыгынын кызмат адамдарынын катышуусунда чет өлкөлүк банкка чыгарылган 1 млн 498 миң 200 АКШ долларын ( КР УБ курсу боюнча 134 млн 103 миң 882 сом) кайтарып берүү процедурасын аяктады.

Бул Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында канализациялык-тазалоочу курулманы куруу боюнча долбоорду ишке ашырууну үзгүлтүккө учуратуу коркунучун жараткан.

Буга чейин маалымдалгандай, 2024-жылдын 4-мартында УКМК тарабынан аталган акча каражаттарын банкрот болгон чет өлкөлүк банкка чыгарууга тиешеси бар деген шек менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ичүүчү суу менен камсыздоону өнүктүрүү жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Х.Ш. К. кармалган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын натыйжасында Азия өнүктүрүү банкынан алынган насыялар толугу менен долбоорго кайтарылды жана Каракол шаарында канализациялык-тазалоочу курулманын курулушуна жумшалат.

Количество просмотров: 218