• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкек депутаттары пандемия маалында 3 миллиондон бөлүп алышканбы?

18 Жалган куран 2021 19:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык кеңештин ар бир депутты коронавирус күчөп жатканда 3 миллион сомдон бөлүп алышкан. Мындай пикирин Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев журналист Семетей Аманбеков менен курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, айрымдардын шаар кеңешине депутат болууга жулунгандыктары жөн жерден эмес.

“Азыркы шаар депутаттары алгач, өлкө пандемияда жатканда өздөрүнө акырын токтоп чыгарып, бөлүп алган 3 миллион сомдорун кайда кетиргенин ачыктап беришсин. Өнүктүрүүгө деген каражаттар жыл аралыгында коротулат. 2008-жылы бул сумма 1 миллионду түзчү. Бюджеттен шаардык кеңештин депутатына 1 миллиондон  бери, тургундардын муктаждыктарын, талаптарын аткарууга коротушчу. Бул жолу 2020-жылы оор болуп, адамдар өлүп жатканда, биздин депутаттар өздөрүнө 3 миллиондон бөлүшкөн”, — дейт Түлеев.

Ал кошумчалагандай, шаардык депутаттар ар каражаттардын арты менен шаардагы квартал башчыларын, үй комитетинин төрагаларын сатып алышкан. Мындан улам алар башка өкүлдөрдү жакын жолотпой жатышканын айтат.

Ал эми Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров экс-мэрдин бул айткандарын туура эмес деп эсептейт.

Анын айтымында, 2020-жылы депутаттарга 3 миллион сомдон бөлүнгөн эмес жана мыйзам боюнча депутатка 1 же 2 миллион каралат деген ченем жок, бул мыйзам чегинде туура  эмес.

“Ар бир депутат шаардыктар тарабынан шайлангандыктан ишмердүүлүгүн көрсөтүү максатында тургундардын суроо-талаптарын аткарууга аракет кылат. Ал шаардыктардын талаптарын угуп, анын негизинде аткаруучу бийликке сунуш келтирет . Демилге көтөргөн депутат чоогуу чуркап, каражаттарды бөлдүртүп, жыйынтыкка жеткирет. Анан айрымдар ойлошу мүмкүн депутаттарга ушундай акча бөлүнөт деп.  Былтыр 2020-жылы 14-январда биздин жергиликтүү бюджетибизди кабыл алганбыз. Ал эми март айында шаар жабылган. Ошондон бери биздин сессия күзүндө өткөн. Ошонун чегинде кандайдыр бир токтом аркылуу каражаттарды бөлүп чыгарууга тыюу салынган. Бир гана пандемия маалында элге жардам берели деп аткаруучу бийлик тендер өткөрбөй эле каражаттарды алып жатышкан. Жана бизге өкмөттөн каттар түшкөн, “эч нерсе албаңыздар, керектүү гана нерселерди алсаңар болот, бюджет тартыш  экономдоого өткүлө” деген. Мындан улам гумжардам боюнча да депутаттардын суранычтары аткарылбай калган. Биз шаардык кеңештин депутаттары менен бирге жардам ирээтинде шаардык бюджетке 3-4 миллиондой акча которгонбуз”, — дейт Абиров.

Абиров белгилегендей, Түлеевдин айткандары чын болсо фактыларды көрсөтүүсү керек.

“Нариман Ташболотовичтин айткандарынын фактыры болсо берсин, бирок андай факттар жок, бул жалган маалымат. Менин оюмча ага жалган маалыматтарды жеткирип жатышат. Эми азыр үгүт иштери болуп жаткандыктан ага да мындай маалыматтар керек го дейм. Жана дагы депутаттардын жеке бюджети жок болгондуктан каражаттык отчет бере албайбыз. Кол койгон финансылык каражаттарды кармап турган аткаруучу бийлик”, — деди ал.

Эске салсак, 12-марттан баштап шаардык кеңештерге шайлоонун үгүт өнөктүгү башталган.

9-апрелге чейин уланган үгүт мезгилинде талапкерлер өз аймактарында шайлоочулар менен жолугуп, интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн программасы менен тааныштыра алышат.

Белилей кетсек, 11-апрелде 28 шаардык жана 420 жергиликтүү кеңешке шайлоо болот.

Количество просмотров: 1025