• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек Индиядан 22 кыргыз жараны келди

26 Бугу 202010:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарына Индиядан Кыргызстандын 22 жараны келди. Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, алар «Air India» авиакомпаниясынын Дели—Бишкек—Дели маршруту боюнча Индиядагы Кыргызстандын жарандарын чыгаруу үчүн уюштурулган чартердик каттам менен келишти.

«Индия тарап менен жетишилген келишимге ылайык, бул каттам менен келген кыргызстандыктардын көбү дарылануу жана ар кандай иштерди аткаруу максатында Индияда болушкан», — деп айтылат маалыматта.

Учурда бардык келгендер белгиленген тартипте тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды.

Количество просмотров: 78