Бишкек: Кайра шайлоого катышуу үчүн документтерин берген партиялар 11ге жетти
Бишкек: Кайра шайлоого катышуу үчүн документтерин берген партиялар 11ге жетти
4 Кулжа 2021 18:06 Бишкек Govori.TV
Бүгүн, 4-июнга карата 11 партия, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого катышуу үчүн документтерин Бишкек шаардык шайлоо комиссиясына тапшырышты.
«Өнүгүү-Прогресс» (партия башчысы Б. Төрөбаев)
«Социал-демократтар» (партия башчысы Т. Султанбеков)
«Замандаш» (партия башчысы А. Өмүракунов)
«Келечек-Будущее» (партиянын башчысы Ч. Макешев)
«Ата Журт Кыргызстан» (партия башчысы А. Маткеримов)
«Биздин Кыргызстан» (партиянын башчысы А. Осмонов)
«Ынтымак» (партиянын башчысы М. Маматалиев)
«Жаңы мезгил» (партия башчысы Казакбай кызы А.)
«Биздин Эл» (партия башчысы М. Расулов)
«Туран» (партиянын башчысы Бекчоро уулу Э.)
«Эмгек» (партиянын башчысы Ы. Мааткабылов).
11-апрелде Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылды. Кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.