Бишкек. 12.02.2019.Govori.TV
Бүгүн Бишкек шаарындагы Келечек конушунда эки бөлмөлүү үйдөн өрт чыкты. Кырсык болгон маалда үй ээси иште, апасы поликлиникага кеткен.
Үйдө калган үч жаш бала, улуусу 2015-жылы, ортончусу 2016-жылы, кичүүсү 2018- жылы туулган балдар азыр оор абалда реанимацияга жаткырылган.
Эске салсак, мындан бир аз мурун Казакстандын Астана шаарында жеке турак үйдөн өрт чыгып бир үй-бүлө беш кызынан айрылган эле.
Жабырканан үй бүлөөгө жардам берүүнү каалагандар төмөнкү телефон номерлери аркылуу байланышса болот:
Тел: 0312 442574 , 0500691312 – Динара.
Элсом: 0771454445 (Балдарды коргоо лигасы).