Бишкекте коронавирус жуктургандар көп катталгандыктан медиктер жетишпей жатат. Мындан улам шаардык мэрия ыктыярчы-адистерди жардамга келүүгө чакырууда.
«Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал чыңалып турат, медиктер, эпидемиологдор март айынан бери күчөтүлгөн режимде иштеп келүүдө. Алар чарчап, ооруп калып жатат. Мындай абалдан улам медиктер тартыш болууда. Биз кайдыгер эмес шаардыктарды, ординаторлорду, интерндерди, медиктерди жана вирусологдордун жардамга келишин өтүнөбүз. Бишкек медицина кызматкерлерине муктаж болууда», — деп айтылат мэриянын расмий жарыялаган маалыматында.
Өлкөдөгү кырдаалга кош көңүл карабай ыктыярчы болууну каалаган жарандар төмөнкү номерлерге кайрылса болот.
Ыктыярчы дарыгер Шакир Турсунбаев: 0558755577, 0554994949.