• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкек мэри шаардык депутаттардын жыйынынан чыгып кетти

30 Үчтүн айы 202513:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-январда Бишкек шаардык кеңешинин “Жаңы күч”, “Эмгек”, “Эл үмүтү”, “Адилет” жана “Ынтымак” фракцияларынын кошмо жыйынында борбор калаа башчысы депутаттарды муниципалитеттин иштөөсүнө жол бербей жатат деген пикирин айтты.

Шаар башчысы бирдиктүү саясат менен иш алып баруу керектигин айтып, «19 отурум өттү. Орун басарларымды жиберип жаттым. Ыш, жол тыгындары боюнча бир да чечим айтылган жок. Жөн эле убакыт коротуу», — деди.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев мэрге кайрылып, анын маалыматын угуу максатында чакырышканын кошумчалады.

«Биз сизди гана чакырганбыз, бардык кызматтар ишин уланта алат. Сиздин таңкы саат 4тө турганыңыз мэр катары сиздин милдетиңиз. Шаардык кеңештин депутаттары жана аткаруу бийлиги тууралуу мыйзамдар менен таанышып чыгууну суранам. Ар ким өз иши менен алек болун, эгер туура эмес болуп жатса тийиштүү жерлерге кайрылыңыз, өз баасын берсин», — деди Конгантиев.

Ал эми мэр 14-февралда бюджет боюнча маселе карала турчу отурумда гана келүү сунушу менен жыйынды таштап чыгып кетти.

Количество просмотров: 894