Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов өз каалоосу менен кызматынан кетти. Бул тууралуу анын кеңешчиси Азамат Абсатаров бүгүн, 12-августта билдирди.
«Таалайбек Сарыбашов өз каалоосу менен кызматтан кетти. Таалайбек Сарыбашов элге кайрылып, ыраазычылык билдирди», — деп жазып, Сарыбашовдун видео кайрылуусу менен бөлүшкөн.
Сарыбашовдун айтымында, анын отставкасы тууралуу чечиминде эч кандай саясат жок. Ал кошумчалагандай, жакынкы аралыкта ал өзүнүн жаңы пландарын жарыялайт жана ошондой эле ал колдогондорго жана сындагандарга ыраазычылык билдирди.