• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкек мэриясы Баткенге контейнер үйлөрдү жиберүүдө

14 Тогуздун айы 2022 13:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэриясы Баткен облусунун убактылуу жашаганга ыңгайлаштырылып жасалган контейнер үйлөрдү жиберип жатат.

14-17-сентябрда Тажикстандын куралдуу кол салуусунда талкаланган үйлөр курулуп бүткөнгө чейин убактылуу жашаганга жалпы 50 контейнер жиберилет. Анын ичинде тиричиликке тийиштүү бардык шарттар түзүлгөн.

Мэрия 16 темир контейнер жөнөтүлгөнүн, жакында дагы 12 үй Баткен облусуна жеткирилерин билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 12-октябрга карата маалыматы боюнча, 130 миң 650 жаран үйүнө кайткан, 6120 жаран үй-жайына бара элек.

Количество просмотров: 144