• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Бишкек мэриясы муздак сууга болгон тарифти көтөрүү себебин түшүндүрдү

18 Теке 201912:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.07.2019.Govori.TV.

Бишкек мэриясы муздак сууга болгон тарифти көтөрүүнө пландап, жүйөсүн түшүндүрдү.

Бааны жогорулатуу токтомунун долбоору Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна жиберилди.

«Бүгүн 1000 литр суунун өз наркы 8 сом экенине карабай, шаар тургундары 5,38 сомдон төлөп жатат. Ошондой эле канализация ишин тейлөөнүн наркы азыркы төлөнүп жаткан 1,20 сомдон алда канча жогору, тагыраагы, 3 сом», — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Мындан улам шаар жетекчилиги тургундар үчүн суунун тарифин — 8,10 сомго, канализация үчүн — 2,30 сомго көтөрүүнү сунуштоодо. Бул көрсөткүч бюджеттик ишканаларга 9,10 сом (суу) жана 3 сомду (канализация) түзмөкчү.

Мэриянын маалымат кызматынан билдиришкендей, «демократиялык тариф саясатынын» айынан акыркы жылдары «Бишкек суу каналы» ишканасы чыгым тартып иштеп келе жатат. Мисалы, 2017-жылы чыгым 94,2 миллион сомду түзсө, былтыр бул сумма 89,8 миллион сомго жеткен.

Количество просмотров: 19