• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкек мэриясынын муниципалдык ишканасынын бухгалтери пара менен кармалды

7 Кулжа 2021 11:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясынын муниципалдык ишканасынын бухгалтери пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн коррупцияга каршы иш-аракеттердин алкагында, КР УКМК кызматкерине каржылык мыйзам бузуулар фактысы боюнча арызды кароону токтотуу үчүн, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканаларынын биринин башкы эсепчиси «Н.П.» пара берүү ишине бөгөт коюлду.

КР УКМК арызды кароо учурунда муниципалдык ишкананын бир катар каржылык мыйзам бузуулары аныкталды, 2021-жылдын 31-майында аталган «Н.П.» аныкталган мыйзам бузууларды жашырганы үчүн УКМКнын кызматкерине 50 миң сом өлчөмүндө пара берүүгө аракет кылгандыгы аныкталды.

Бул факт туралуу КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголду.

2021-жылдын 4-июнунда Коопсуздук органдын кызматкерине 50 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен «Н.П.» кармалды.

Учурда козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралардын комплекси жүрүп жатат.

Количество просмотров: 553