Бишкек. 20.11.2018. Govori.TV

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз коюлган 4 күркѳ алынды.
Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка таянсак, 7-ноябрдан 11-ноябрга чейин 7-апрель кѳчѳсүндѳ  (ДСМ заводунун жанында) муниципалдык жерге бир учурда 4 контейнер орнотулган.
Башкармалыктын кызматкерлери буга чейин аталган жер тилкелерине укук белгилѳѳчү жана  укукту күбѳлѳндүрүүчү документтерди  берүү боюнча эскертүү беришкен. Бирок жыйынтык болгон эмес.