Бишкек — Нарын жолунун 44 чакырымындагы айланма жолдо Mercedes-Benz унаасы аласалып, ичиндеги үч киши мер кетти. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, унааны 22 жаштагы кыз катууайдап бара жатып, рулга ээ боло албай, жолдон чыгып кеткен. Машина бир нече ирет аласалган.
«Айдоочудан тышкары, 46 жаштагы эркек киши беш жашар баласы менен кошо көз жумган. Ал эми Унааны айдап бараткан кыздын сөөгү машинадан 80-100 мерт алыстыктан табылды», — деп айтылат маалыматта.
учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.