Жол кырсыгынан эки адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, бүгүн Чүй районуна караштуу, Бишкек — Нарын — Торугарт айланма жолунун 63-чакырымында жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ыкчам түрдө №21 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган. Кырсык катталган жерде “Toyota Avensis” жана “Subaru Outback” унаалары кагышкандыгы аныкталган.
Кырсыктын кесепетинен 2 жаран каза болду, 69 жаштагы 1 эркек жана 65 жаштагы 1 аял.
Куткаруучулар каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.