• Бейшемби 26 Жетинин айы 2020

Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы кырсыкта 6 адам жабыркады

13 ноября 2020 в 11:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 210-чакырымында 12-ноябрь күнү саат 23:22лер чамасында Хонда HR-V жана “Гольф 3” үлгүсүндөгү унаалары сүзүшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен 6 эркек киши жабыркаган (1999-жылы туулган, 1999-жылы туулган, 1999-жылы туулган, 1983-жылы туулган, 1983-жылы туулган, 1984-жылы туулган). Куткаруучулар жабыркаган жарандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 133