• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Бишкек-Нарын-Торугарт» жолунун Боом капчыгайы төрт күнгө жабылат

13 Бугу 2022 9:51 Бишкек Govori.TV

Боом капчыгайында 16-майдан 20-майга чейин таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3899-чакырымы) таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

«Иш-чарага тиешелүү күчтөр жана техникалар тартылат. Жолдор саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот. Ал эми 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет», — деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 1484