Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 86-чакырымындагы айланма жолдун жээгине 400 даана мажүрүм тал жана 660 даана көк терек көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди.
Бул иштер «Жашыл мурас» улуттук программасынын алкагында жүрүп, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө, абанын сапатын жакшыртууга жана келечек муундар үчүн дени сак экосистеманы түзүүгө багытталган.
Бак-дарактарды жана көчөттөрдү отургузуу Кыргызстандын туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүдө маанилүү роль ойнойт. Бул жакырчылыкты жоюуга, айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана экосистеманы коргоого салым кошот.
Белгилей кетсек, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги президент Садыр Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жол жээктерин жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча тапшырмасын биринчилерден болуп аткарып жатат.