• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкек-Ош автоунаа жолунда жол кырсыктан бир киши мерт кетип төрт адам жабыркады

22 Жетинин айы 2019 12:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Ош автоунаа жолунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык  21-ноябрь күнү Бишкек — Ош унаа жолунда катталып, анда  «Мерседес-Спринтер» автоунаасынын айдоочусу жол боюнда токтоп турган оор жүк ташуучу машиненин артынан сүзүп алган. Анда бир киши каза болуп, төрт адам жабыркаган.

“Куткаруучулар каза болгон жарандын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Жалпысынан алты куткаруучу тартылды”,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 106