• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкек-Ош унаа жолунда күйүүчү май ташыган унаа өрттөндү (видео)

12 Баш оона 202017:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек—Ош унаа жолунун 239-чакырымында (Чычкан капчыгайы) күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаа өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

https://youtu.be/1UfnAVcyIfE

Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Токтогул районуна караштуу Чычкан капчыгайындамай ташуучу унаа өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 12:19да Токтогул райондук №97 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган. Өрт ачык аянтта куураган чөпкө өтүп кеткендигине байланыштуу кошумча 24 куткаруучу, Токой чарбачылыгынан 9 кызматкер тартылган. 

«Унаалардын өтүүсү жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкрелери тарабынан көзөмөлдөнүүдө.Кошумча маалымат берилет»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 263