• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкек-Ош унаа жолунда кырсыктан беш адам жабыркап, экөө каза тапты

15 Тогуздун айы 2019 10:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан беш киши жабыркап, эки киши каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, «Хонда-Степ» жана «Дэу-Нексия» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп,  кырсыктан эки эркек киши каза таап, бешөө жабыркаган.

Куткаруучулар каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар тез жардам кызматы тарабынан Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген. Учурда каза болгондордун жана жабыркагандардын аты-жөндөрү такталууда. Куткаруу иштерине жалпысынан 6 куткаруучу тартылды, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 216