• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан 4 адам каза болду

26 Бугу 202111:19 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө жүк ташуучу унаа менен Тойота Камри унаасы сүзүшүп, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Бишкек – Ош трассасынын 172-чакырымында бүгүн эртең менен MAN оор жүк ташуучу унаа менен Toyota Camry кагышкан.

Жеринде Жайыл районунун ыкчам-тергөө тобу иш алып барган.

Количество просмотров: 159