• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсык 2 адамдын өмүрүн алды

4 Баш оона 2020 10:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайында жол кырсыгы катталып, 2 киши каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек—Ош (Чычкан капчыгайы) унаа жолунун 262-чакырымында «Жигули» жана жүк ташуучу унаа кагышкан. 

Кырсыктын кесепетинен 1956-жылы туулган 1 аял киши жаракат алып, 2 эркек киши каза болгон. Анын бири 1953-жылы туулган айдоочу, ал эми каза болгон экинчи жарандын туулган жылы такталууда.

Куткаруучулар каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жаранды «Тез жардам» кызматы алып кеткен.

Количество просмотров: 181