• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Бишкек, Ош жана Токмок шаарынын мэрлигине талапкерлер расмий катталды

22 Баш оона 2021 11:25 Бишкек Govori.TV

Аймактык шайлоо комиссиялары Бишкек, Ош жана Токмок шаар башчылыгына талапкерлигин көрсөткөндөрдү электрондук «Түндүк» системасы менен каттоого алды.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы 21-августта кабарлады.

Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы Министрлер кабинети менен Бишкек шаардык кеңешиндеги коалициялык көпчүлүк сунуштаган Айбек Жунушалиев, Ош шаарына «Аманат» коалициясы сунуштаган Алмаз Мамбеталиев, Токмок шаар башчылыгына жергиликтүү кеңештеги «Бирге», «Патриот ынтымагы», «Эл биримдиги» партияларынан чогулган коалициянын сунушу менен Урматбек Самаев жана «Эмгек», «Асыл Мурас-Жаштары» коалициясынан Азат Кубатбек уулу катталды.

Үч шаардын мэрин шайлоо 26-августта эртең мененки саат 9дан 12ге чейин болот. Шаар мэрлерин шаардык кеңештер шайлайт.

Количество просмотров: 180