• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек-Ош жолу: Жол кырсыгынан 10 адам жабыркады

26 Кулжа 201811:14 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.06. 2018. Govori.TV

Бишкек-Ош жолунда кечээ 25-июнда кечинде эки жеңил унаа кагышып, он адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык , кырсык Кара-Көл шаарынын алыс эмес Сары-Булак тилкесинде болгондугу айтылат.

Анда «Фольксваген Пассат» жана «Мазда» үлгүсүндөгү эки унаа кагышып, ичиндеги он адам ар түрдүү жараат алган.

Учурда кырсыктан жабыркагандар ооруканада.

Фото:Спутник

Количество просмотров: 109