• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкек–Ош жолунда мазут ташыган бензовоз оодарылып калды

14 Үчтүн айы 202613:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн саат 09:50лөр чамасында Бишкек – Ош жолунда мазут ташыган бензовоз оодарылып кетти.

Маалыматка ылайык, бензовоз жолдун 428-чакырымында рулдук рейкасы үзүлүп кетип, унаа жолго аңтарылып кеткен. Окуянын кесепетинен жабыркагандар жок.

Жолду тазалоо жана коопсуздукту камсыз кылуу иштери «Кыргызавтожол-Түштүк» мамлекеттик ишканасына караштуу №38 жол тейлөө мекемеси тарабынан ыкчам жүргүзүлүүдө. Учурда унаа кыймылы бир тараптуу ачык.

Количество просмотров: 100