• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкек-Ош жолунда айдоочу жүк ташуучу унааны сүзүп каза болду

2 Кулжа 201919:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.06.2019.Govori.TV.

Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгынан 1 адам набыт болуп, 5 адам жаракат алды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, окуя 2-июнга караган түнү Бишкек-Ош жолундагы Кара-Көл шаарында катталып, Мерседес-Бенц спринтердин айдоочусу алдыда бараткан унааны ашып өтүүгө жетишпей, каршы тилкедеги оор жүк ташуучу Вольво үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Натыйжада Спринтердин айдоочусу 28 жаштагы Кадамжай районунун тургуну К.Д. Кара-Көл шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болду.

Дагы бир адам учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Калган жүргүнчүлөр шаардык оорукананын хирургия бөлүмүндө дарыланып жатканы айтылган.

Количество просмотров: 29