• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Бишкек-Ош жолунда «Дэу Нексия» менен жүк ташуучу унаа сүзүштү

7 Бештин айы 202015:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Ош жолунун 648-чакырымында 4-декабрда саат 16:30дар чамасында «Дэу Нексия» менен «Шахман» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сүзүштү.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, жеңил унаанын 33 жаштагы С.А. аттуу айдоочусу жолдун карама-каршы тилкесине чыгып, 25 жаштагы М. уулу Д. аттуу айдоочусу башкарган жүк ташуучу унаа менен кагышкан.

Кырсыктан жеңил унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү жабыркап, ооруканага жеткирилген. Иликтөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 287