Бишкек-Ош жолу, Шамалды-Сай — Таш-Көмүрдүн ортосунда, Бишкек-Ош трассасынын 466 км, Чүйүт-Сайда катуу эки автоунаа кагылышты. Бул тууралу күбө Руслан Бекназаров маалымат таратты.
«Адамдардын баары оор абалда ооруканага жибердик. Арасында 2 өспүрүм бар (бирөөсү 1 жаш чамасында, экинчиси 2 жаш чамасында). Кызматтык номер тагынган волганын айдоочусу мас абалда экен. Жолдон чыгып кетип каршылаш келген «Степвагонду» сүзүп алды. «Степвагон» биздин алдыбызда келе жатты эле» — деп жазат Бекназаров.