• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Карайлаган камаздар Төө-Ашууда тоңуп турат

18 Тогуздун айы 2018 23:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.10.2018.Govori.TV

Кыргызстанда аба-ырайынын кескин сууктап, күтүүсүз кар жааганына байланыштуу Бишкек-Ош жолундагы абал айрыкча айдоочуларга байкалды. Себеби, көпчүлүк унаалар жазгы дөңгөлөктөрүн,кышкы дөңгөлөккө алмаштырышкан эмес.

КРнын ӨКМнин эскертүүсүнө карабай чоң жүк ташуучу унаалар түндүк менен түштүктү байланыштыруучу жолдо, жол тыгынын жаратууга себепчи болушту. Мындан улам ӨКМги аларга чектөө киргизишкен болчу.

Унааларга киргизилген чектөө али күнгө чейин токтой элек.
Бүгүн, ырчы Майрамбек Осмонов Facbook баракчасы аркылуу Бишкек-Ош жолундагы абал менен тааныштырды. Ал тарткан тасмасы аркылуу өкмөткө кайрылуу жасап, жолго керектүү техникаларды бөлүп берүүсүн эскерткен. Анткени, видеодон «Төө-Ашуу» ашуусунан жолун улай албай, карайлап турган камаздар, жүк ташуучу унаалар көзгө чалдыгат.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=2179246728998878&id=100007407161903

Количество просмотров: 33