• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жол кырсыгынан бир адам көз жумуп, тогузу жабыркады

12 Бугу 2022 10:39 Бишкек Govori.TV

 Бишкек-Ош унаа жолунун 595-чакырымында Toyota land Cruiser жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, кырсыктын кесепетинен 31 жаштагы М.Н. аттуу эркек киши каза болуп, тогуз киши ар кандай жаракат алышкан.

Жерине КР ӨКМнин №53 ӨКБ 4 куткаруучу тартылган. Кырсык катталган жерге куткаруучулар келгенге чейин маркумдун жансыз денесин тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

Куткаруучулар жаракат алган жарандарды Өзгөн райондук ооруканасына жеткиришкен.

Количество просмотров: 683