• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкек-Ош жолунда унаа өрттөнүп, 2 адам күйүк алды

28 Жалган куран 202211:05 Бишкек Govori.TV

Өткөн суткада Бишкек-Ош унаа жолунда унаа күйүп, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Малыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 65-чакырымында Mazda 323 үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн кесепетинен 35 жаштагы М.Э. аттуу эркек киши жана 26 жаштагы С.Р. кызы күйүк алган.

Белгилей кетсек, сутка ичинде республиканын аймагында жети өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө жети бөлүм тартылган.

Количество просмотров: 202