Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан өрт чыгып, 5 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош унаа жолунун 601-чакырымындагы Шоро-Башат айылында Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа Daewoo Lanos унаасын артынан сүзүп, натыйжада өрт чыккан.
Мындан улам жеңил автодон өрт чыгып, кырсыктын кесепетинен беш киши ар кандай жаракат алган. Жабыркагандар Өзгөн райондук ооруканасына жеткирилген.