• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу унаа менен маршрутка кагышкан

5 Баш оона 2022 11:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу унаа менен маршрутка кагышкан. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-августта болжол менен саат 20:30дар чамасында Жалал-Абад облусундагы Бишкек – Ош унаа жолунун 401-чакырымында «Хово» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү кичиавтобус сүзүшкөн. Кичиавтобус каршы тилкеге чыгып кеткен.

Аталган факт боюнча тиешелүү экспертзалар дайындалып, тергөө жүрүүдө.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жарандардан жол эрежелерин сактоону өтүнөт.

Количество просмотров: 1939