Бишкек.31.03.2019.Govori.TV.
Бишкек — Ош унаа жолунун 409-чакырымындагы чукул бурулушта жүк ташуучу MAN 23-403 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа оодарылып калды.
Маалыматка ылайык, окуя 30-март күнү саат 21.00дөр чамасында катталган. Окуя Кара-Көл шаары менен Таш-Көмүр шаарынын ортосундагы жолдо болгон.
-Талас облусундагы Бакай-Ата районуна караган Кызыл-Сай айылынын 55 жаштагы тургуну чукул бурулушка келгенде унааны башкара албай, машина жолдун сол тарабынан чыгып оодарылып калган.
Натыйжада унаа зыянга учурап, бирок айдоочу жаракат алган жок.
Булак: Sputnik