• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан бир адам каза болду

10 Бугу 2022 9:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек — Ош унаа жолундагы кырсыктан бир адам каза болду.

Маалыматка ылайык, 9-майда саат 13:15 чамасында «Бишкек-Ош» унаа жолунун 197-чакырымында 1983-жылы туулган О.Т. аттуу Ош облусунун Алай районунун тургуну “Хонда-Степвагон” үлгүсүндөгү унаа менен түндүктөн түштүктү көздөй бара жатып рулга ээ боло албай, карама-каршы тилкеге чыгып, 1981-жылы туулган А.С. аттуу Бишкек шаарынын жашоочусунун башкаруусундагы «Хундай-Гетц” үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен “Хундай-Гетц” унаасынын жүргүнчүсү 1980-жылы туулган аял киши алган жаракаттарынан улам каза болуп, 2 өспүрүм Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндөгү жайгашкан медициналык-санитардык жардам берүү бөлүмүнө кайрылган.

Количество просмотров: 591